2027-жылга карата Казакстандын 25 миң чакырымдай автожолу туруктуу жана сапаттуу интернет менен камтылат. Бул үчүн өлкөнүн негизги магистралдарынын боюна 500гө жакын антеналар орнотулат. Буга казынадан 60 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнөт. Долбоорлоо иштери быйыл бүтүп, кийинки жылы курулуш иштери башталат. Мындай жол менен өлкөнүн логистикалык жана транспорттук агымдарын эффективдүү башкарууну санариптештирүүгө негиз түзүлөт, дешет тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү.
Ержан Мейрамов, санариптик өнүктүрүү инновациялар жана аэрокосмос өнөржай министрлиги комитетинин төрагасы:
– Андан кийин уюлдук операторлор ал жакка барып, атайын базалык станцияларды орнотушат. Жалпысынан бул жерде уюлдук операторлордун бюджетинен аппараттарды орнотууга 30 миллиард теңгеге жакын каражат жумшалат.
Кошумчалай кетсек, адистер жаңы окуу жылына карата өлкөдө 2 миңге жакын мектеп Starlink технологиясы аркылуу спутниктик интернетке кошуларын айтышууда. Бул негизинен интернетке туташпаган алыскы айылдардагы билим уялары. Ошондой эле, бул жаңы ыкманы интернетке кирбеген башка аймактарга да кошуу мерчеделген.
Ержан Мейрамов, санариптик өнүктүрүү инновациялар жана аэрокосмос өнөржай министрлиги комитетинин төрагасы:
– Бул 70 терминалды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колдонот деп чечтик. Биз мобилдик операторлор үчүн бул Starlink-ти транспорттук багытта колдонуу үчүн башка техникалык чечимди издеп жатабыз. Жалпысынан алганда, Starlink абоненттик терминалын бардык тармактарда колдонууга болот. Мисалы, темир жол же унаалар үчүн атайын колдонулган терминалдар бар.
Ошондой эле, министрлик «ак тактар», башкача айтканда байланыш сапаты начар жерлерди жоюуга басым жасап жатат. Маселен, бүгүнкү күндө борбордогу мындай 67 жайдын 52си калыбына келтирилген. Бул иш өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков