Астанада Көз карандысыздык күнүнө карата көргөзмө ачылды

Астанада Көз карандысыздык күнүнө карата көргөзмө ачылды

Астанада Эгемендүүлүк күнүнө арналган көргөзмө ачылды. Борбор калаада жайгашкан аскердик-тарыхый музейдин баалуу документтери жана уникалдуу эстеликтери коомчулук назарына сунушталды. Ал жерден эгемендүү өлкө болууга өчпөс салым кошкон тарыхый инсандардын, эл баатырларынын улгүлүү өмүрү, ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алууга болот. Ошондой эле борбордун мамлекеттик архивинде сакталып турган фото-сүрөттөр жана гезит беттериндеги макалалары, китептер жана улуттук боштондук күрөшү ишмерлеринин сүрөттөрү коюлган. Уюштуруучулар ар бир экспонаттын өзүнүн тарыхый мааниси жана баалуулугу бар дешет. Көргөзмө айдын аягына чейин уланат. Аскер түзүмүнүн өкүлдөрү, тарыхчылар, журналисттер жана 86-жылкы окуяга катышуучулар иш-чаранын коноктору болушту.

Өнербек Умралин, Казакстандын мамлекеттик аскер-тарых музейинин илимий бөлүмүнүн башчысы:

- Жалпысынан бул көргөзмө Президенттин бештин айынын 16дагы Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүн жар салган, декабрь окуясына катышкан бардык баатырларды эскерүү күнү болушу керек деген идеясынын бир көрүнүшү. Бул күн өлкөдөгү улуттар ынтымагын чыңдай турган, эгемендүүлүктүн духун, тарыхыбызды, улуттук каада-салттарды жандандырган күн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков