Павлодарда «Театр, опера, балет» көргөзмөсү ачылды

Павлодарда «Театр, опера, балет» көргөзмөсү ачылды

Павлодарда казак булбулу Куляш Байсеитованын 110 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Анда ата мекендик театр артисттеринин эмгектери коюлган. Жергиликтүү музейдин фондусунан тандалып алынган 22 көркөм чыгарма коомчулукка тартууланды. Кыл калем чеберлеринин эмгектеринин көбү 70 жылдан ашык убакыт мурун жаралган. Көргөзмө үчтүн айынын аягына чейин ачык болот.

Ольга Пашко, өнөрпоз:

- Бул көргөзмө көрүүчүлөрдү бир азга саякатка алып барат. Бул 20-кылымдын орто ченинде Алматыда театрлар ачыла баштаган убакыт. Көргөзмөгө эмгектери коюлган сүрөтчүлөр өз убагында суроо-талапка ээ болгон. Спектаклди кооздоо үчүн колунан келгендин баарын жасаган. Ошондуктан, Аубакир Исмаилов, Евгений Сидоркин, Гульфайруз Исмаилова, Владимир Колобенко өңдүү таланттуу адамдардын чыгармачылыгы Куляш Байсеитова сахнага чыккан учурга туш келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков