Эл Баатыры Хиуаз Доспанова тууралуу көргөзмө ачылды

Эл Баатыры Хиуаз Доспанова тууралуу көргөзмө ачылды

Өткөн күндө белги бар. Борбор калаада эл баатыры, тунгуч казак учкучу - Хиуаз Доспанованын 100 жылдыгына арналган тарыхый көргөзмө ачылды. Уюштуруучулардын айтымында, экспозиция баатыр учкучтун турмуштук принциптерин өсүп келе жаткан муунга натыйжалуу жеткирүү жана жайылтуу максатын көздөйт.

Динара Бисембаева, Атырау облусттук тарыхый-чөлкөм таануу музей жетекчисинин милдетин аткаруучу:

- Канаттуу кыз - эң биринчи Хиуаз апабызга арналат. Муну менен катар,  бул жерде Чыгыштын кош жылдызына айланган Алия баатыр апабыз, Маншук апабыздын рухтарына арналган экспозицияларыбыз да орун алган.  Жалпысынан мындагы экспонаттардын саны 90 болот. Бул жерде планшеттүү түзүлүштөрдө фото-сүрөттөр орун алса, буга кошумча согуш талаасында колдонулган аскерлердин радио-телефондук жабдыктары, ошол кездеги аскердик буюмдар, техникалык куралдар орун алган.

Легендарлуу учкучтун өмүр жолу менен өрнөктүү үлгүсү чагылдырылган көргөзмө 5 күнгө созулат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков