Алакөлдө эс алуучулардын саны 3 эсеге көбөйдү

Алакөлдө эс алуучулардын саны 3 эсеге көбөйдү

Алакөлдүн Чыгыш жээгинде эс алуучулардын саны соңку күндөрү кескин көбөйүп, үч эсеге артты. Буга аймактын «жашыл» зонада экендиги таасир эткен. Ал эми эс алуучулар үч талаптын бирин аткарууга милдеттүү. Алар эмделгенин далилдөө, ПЧР-тести боюнча терс натыйжа аныктамасы же «Ashyq» тиркемеси аркылуу жашыл же болбосо көк макамын көрсөтүүгө тийиш.

Ерзат Болатов, Үржар райондук ишкердик, туризм бөлүмүнүн башчысы:

- Бүгүнкү күнгө чейин Алакөлдүн жээгинде 188 эс алуу үйү каттоодон өтүп, алардын 141и даярдык күбөлүгүн алышты. 118и «Ashyq» тиркемеси аркылуу QR кодун алышты. Ошол эс алуу үйлөрү иштерин баштап, кабыл алып жатат. 1-2-3 күн гана болду, мындай ысык аба ырайында эс алуучулардын саны кескин көбөйдү.

Алтай Мухамедияров, эс алуучу:

- Бош орундар дээрлик жок. Бул ыйык жерге Чыгыштан гана эмес, Казакстан боюнча, Орусия жана Германиядан келген адамдарга толгон. Дарылык касиети өтө жогору. Алакөлдөй жерибиз менен сыймыктансак болот.

Айта кетчү жагдай, 2023-жылга чейин туризмди өнүктүрүү концепциясында Чыгыш Казакстан облусуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат. «Алтай бермети» туристтик кластери түзүлдү. Ага облустагы 8 аймак кирген. Алардын катарында Берел чеби же Падышалар көрүстөнү, Буктырма суу сактагычы, Жидебай өрөөнү, Катон Карагай улуттук паркы бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков