Туристтик бренд: Атырауда лотос гүлдөдү

Туристтик бренд: Атырауда лотос гүлдөдү

Атырау облусунда лотос гүлдөдү. Илимпоздор бул экзотикалык өсүмдүктүн белогу бөйрөккө жана көк боорго пайдалуу экенин эбак эле далилдешкен. «Нил розасы» деп да аталган гүл Кигач дарыясынын 5 гектарын ээлейт. Тазалыктын жана сулуулуктун белгисине айланган укмуштуудай өсүмдүк теке айынын ортосунан баш оона айынын аягына чейин жайкалып өсөт, андан кийин көз жоосун алган кооз гүлгө айланат. Экзотикалык өсүмдүктү көрүү үчүн Орусиядан жана Грузиядан, ал тургай алыскы чет өлкөлөрдөн туристтер келишет. Бирок быйыл пандемияга байланыштуу адамдар аз. Деген менен жергиликтүү тургундар, жаратылыштын мындай кереметтүү белегинен ырахат алууну салтка айландырышкан.

Тилеккабыл Гумаров, шаар тургуну:

- Биз кызыгуу менен келип, эс алып жатабыз. Туристтер Кигач дарыясынын бардык тарабынан келишет. Жаратылыштын өзгөчө белектерин баалай билишибиз керек. Аны кийинки муундарга калтыруу кажет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков