Анда Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Түркиянын мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитине катышат. Лидерлер өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашат. Буга кошумча жаратылыш кырсыктары менен күрөшүүдө кызматташтыкты координациялоо жана бекемдөө маселелери да көңүл борборунда болот.
Месут Эмре Каракөсе, Сахипкыран стратегиялык изилдөөлөр борборунун төрагасы:
Өткөн күндөн алыс жок, келерки күндөн жакын жок – деген казак бабалырыбыздын жакшы накыл сөзү бар. Жер титирөө, суу ташкындары, токой өрттөрү сыяктуу ири табигый кырсыктар болуп кетсе, уюмга мүчө өлкөлөр бири-бирине кантип жардам беришет? Кандай камкордук жасашат? Мүмкүн жалпы орток фонд түзүү керекдир? Биргелешкен ыкчам аракет кандай болот? Мына ушундай суроолор интенсивдүү талкууланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков