Сирия боюнча Астана сүйлөшүүсү өтөт

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүсү өтөт

Казакстан дагы бир жолу Сирия маселеси боюнча саясий диалог форумун сунуштайт. Жетинин айынын 22-23дө борбор калаада Сирия боюнча Астана форматында 19-жогорку деңгээлдеги эл аралык жыйын өтөт. Сүйлөшүүлөргө кепил өлкөлөр – Иран, Орусия жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле Сириянын өкмөттүк жана куралдуу оппозициясынын өкүлдөрү катышат. Байкоочу катары БУУнун, Иорданиянын, Ирактын жана Ливандын өкүлдөрүнүн катышуусу пландалууда. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде Сириядагы кырдаал, анын ичинде гуманитардык жана социалдык-экономикалык абал, саясий процессти ар тараптуу алга жылдыруу, ишенимди чыңдоо чаралары, барымтадагыларды бошотуу жана дайынсыз жоголгондорду издөө маселелери бар. Тараптар Сирияны калыбына келтирүү жана качкындарды мекенине кайтаруу үчүн шарттарды түзүү максатында эл аралык коомчулуктун аракеттерин мобилизациялоо боюнча конкреттүү чечимдерди талкуулашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков