Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылуунун алкагында Казакстан 100дөн ашык ири иш чараларды уюштурууга жетекчилик кылды. Анын негизги максаты - Уюмга мүчө өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин учурдагы тенденцияга ылайык жакшыртуу. Бул жаатта серепчилер өлкөнүн 3 багыттагы демилгелери өзгөчө мааниге ээ экенин айтышат. Кызматташтыктын алкагында санариптештирүү, энергетика жана туризмтармактарында кызматташуунун дараметин кеңейтүү болуп саналат. Аталган темалар боюнча келечектеги бир катар консультациялар уюштурулду. Бул кызматташтыктын жыйынтыгын мындан ары өркүндөтүү борбордо өтүүчү ШКУнун саммитинде талаптагыдай улана турганын адистер айтышат.
Алибек Тажибаев, саясат таануучу:
- Бул Саммитте абдан маанилүү документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө. Биринчи кезекте Астана декларациясы жана ШКУнун декларациясы кабыл алынат. Бул жаатта Казакстандын башка демилгелерин да белгилей кетүү керек. Бул «Адилеттүү дүйнө жана гармония үчүн дүйнөлүк биримдик» демилгеси. Дал ушул идеяны Казакстандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылган жылынын негизги корутундусу катары кароо керек деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков