Казакстандан чийки эмес товарлардын экспорту болжол менен 35% өсүп, 10 миллиард долларга жетти. Бул үстүбүздөгү жылдын беш айынын жыйынтыгы экендигин Соода жана интеграция министрлиги билдирет. Башкармалык негизги өсүштү тышкы рынокко уран, ферро эритме, жез, буудай уну, жаратылыш газы жана башка кайра иштетилген товарларды жеткирүү көлөмүнүн көбөйүшү менен байланыштырат. Ошондой эле, даяр өнүмдүн импорту 13%га өскөн. Өлкөгө негизинен унаа тетиктери жана дары-дармектерди жеткирүү көбөйгөн - деп билдирет министрлик.
Которгон: Илгиз Жамалбеков