Казакстан мунай өндүрүүнү көбөйтүү боюнча дүйнөлүк драйверлердин бирине айланат

Казакстан мунай өндүрүүнү көбөйтүү боюнча дүйнөлүк драйверлердин бирине айланат

Мындай божомолду ОПЕК кезектеги баяндамасында билдирди. Бул Кашаган, Теңиз жана Карашыганак кендерин өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен ишке ашат. Мындан тышкары, серепчилердин божомолуна ылайык, быйыл АКШ, Норвегия, Бразилия, Канада жана Гайанада да мунай өндүрүүнүн көлөмү көбөйүшү мүмкүн. Жыйынтыктарга келсек, 2022-жылдын бештин айында өлкө Кашаган жана Карашыганакта өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу аны 7 миң баррелге көбөйтүп, суткасына 1,6 миллион баррелге жеткирүүнү арттырды. Ошондой эле кара алтындын экспорту да көбөйдү. Кара деңиздеги Каспий куур консорциумунун терминалы аркылуу экспорт 5%, Баку-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу 10%га өстү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков