Казакстан эгемендүүлүк алган 30 жыл ичинде Америка Кошмо Штаттары ата мекендик экономикага 37 миллиард доллар инвестиция салган. Ошентип, бүгүнкү күндө АКШ өлкөгө эң ири инвесторлордун бири болуп, Нидерландыдан кийинки экинчи орунда турат. Бүгүн Казакстан менен АКШнын ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк боюнча комиссиянын жыйынында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тышкы иштер министринин орун басары Акан Рахметуллиндин айтымында, Казакстанда америкалык капиталдын катышуусунда 560тан ашык компания ийгиликтүү иштеп жатат. Ал Казакстан Кошмо Штаттар менен өз ара саясий жана экономикалык байланыштардын жогорку темпин мындан ары да сактоого ниеттенип жаткандыгын билдирди. Жалпысынан тараптар мындан аркы көп тараптуу өнөктөштүктүн келечегин талкуулоого басым жасашты.
Акан Рахметуллин, РКнын Тышкы иштер министринин орун басары:
- Иш-чаранын күн тартибинде глобалдык жана аймактык коопсуздук чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү, укук коргоо тармагындагы кызматташуу, климаттын өзгөрүүсү, билим алмашуу жана башкалар сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсү камтылган. Америкалык өнөктөштөрүбүз менен биз С5+1 диалогу Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн кызматташтыкты бекемдөө жана региондогу өлкөлөрдүн позицияларынын жакындашуусу үчүн маанилүү инструмент бойдон калууда деген пикирдебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков