Коргонуу тармагындагы негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү эки эсе өстү

Коргонуу тармагындагы негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү эки эсе өстү

Казакстандын коргонуу тармагындагы негизги капиталга салынган инвестиция эки эседен ашык өстү. Үстүбүздөгү жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик башкаруу, коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо тармактарына 40 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 эсеге көп. 2021-жылдын биринчи жарымында көрсөткүч 18 миллиард теңгеге жакын болгон. Аймактар ​​боюнча аталган тармакка эң көп инвестиция Түркстан облусуна 14 миллиард теңге, андан кийин борбор калаа Нур-Султан жана Алматы турат. Белгилей кетсек, каражаттын жарымынан көбү, башкача айтканда, 20,5 миллиард теңге республикалык казынанын эсебинен берилген.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков