Эл аралык Standard&Poor's агенттиги Казакстандын суверендүү насыялык рейтингин тастыктады. Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, ал "ВВВ-/А-3" деңгээлинде, болжол менен мурдагыдай эле "туруктуу" абалда. Мекеме рейтингди колдоочу негизги факторлор өлкөнүн экономикасынын бекем фискалдык жана тышкы балансы экенин белгиледи. Алар тобокелдиктерди башкаруу үчүн жетиштүү. Ошол эле учурда таза мамлекеттик карыз төмөнкү деңгээлде турат, ал эми республиканын ликвиддүү сырткы активдеринин абалы тышкы таасирлерден коргоону камсыз кылат. Жалпысынан S&P жакынкы 3 жылда Казакстандын экономикасынын өсүшүн 4% деңгээлинде болжолдоп жатат. Талдоочулардын айтымында, кирешелердин өсүшүнө салык саясатын жана башкарууну реформалоо боюнча аракеттер түрткү берет. Ошондой эле, экономиканы ар тараптандыруу, мамлекеттин катышуусун кыскартуу, атаандаштыкты өнүктүрүү да шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков