Казакстан чет мамлекеттер үчүн тартымдуу болуп калды. Соода жана интеграция боюнча вице-министри Жанель Кушукова ЕАЭБге кошулуунун артыкчылыктары жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, биринчиден, мындай кызматташтыктын пайдасы чоң, анткени бул 184 миллион адамды өнүм менен камсыз кылган кубаттуу керектөө рыногу болуп саналат. Спикер учурда биримдиктин юридикалык каттоосу аяктап калгандыгын айтты. Бул иш жүзүндө товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, ошондой эле эмгек мигранттарынын эркин жүрүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Акыркы стадиясы үчүн учурда бардык зарыл шарттар түзүлүп жатат.
Жанель Кушукова, соода жана интеграция боюнча вице-министр:
- Бизде билим боюнча өз ара таанылган документтери бар, каттоосуз жүрүү мезгили белгиленген, өлкөгө кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде жумушка орношууга эч кандай чектөөлөр жок. 53 тармакта бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногунун иштеши боюнча макулдашууларга жетиштик деп айта алам.
Биримдик ишке киргенден бери Казакстандын өнөктөш өлкөлөр менен өз ара соода жүгүртүү көлөмү 33% өстү. Мындан тышкары, реалдуу экспорттун көлөмү 4% өскөнү байкалды. Ошол эле учурда, кайра иштетилген өнүмдү сатуу көбөйдү. Жалпысынан Казакстандын экспортунун көлөмү эки эсеге жогорулады. Бул негизинен катталган документтердин кыскаргандыгы менен байланыштуу. Башкача айтканда, бюрократияга жол жок. Тактап айтканда, товарлардын бажылык декларациясы жокко чыгарылды. Ошондой эле өлкөлөр ортосунда шайкештик сертификаттарын өз ара таануу жөнүндө келишим бар. Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында өнөктөш өлкөлөр менен кызматташуу ата мекендик агроөнөр жай комплексине да оң таасирин тийгизүүдө. Алдыдагы убакытта бул иштер мындан ары да өз ордун таба турганын мекеме өкүлдөрү брифингдин жүрүшүндө билдиришти.
Нурбек Даирбеков, ркнын айыл чарба вице-министри:
- Алдыдагы иштин алкагында биз айыл чарба продукциялары менен соода кылуудагы болгон тоскоолдуктарды жоюу, Казакстандын экспорттук дараметин ишке ашыруу, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин ири соода тармактары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана келишимдерди түзүү, ошондой эле дүң соода борборлорунун тутумун иштеп чыгуу боюнча иштерди активдештирүүнү мерчемдеп жатабыз. Аны менен агроөнөр жай комплекси тармагында жумушту жандандырабыз.
Айта кетүүчү жагдай, ЕАЭБдин ишкерлери республикага инвестиция салууга даяр. Бул жердеги түз чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү 6% түздү. Союздук борбордун катышуусу менен ишканалардын саны да эки эсе көбөйдү.
Фото: ravel.com.br