Бул күндөрү Казакстандын борборуна бүткүл дүйнө жүзү көз салууда. Кытайдын CGTN эл аралык маалымат порталынын сайтында жарыяланган макаланын автору, Шанхай Кызматташтык Уюму – жаңы эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жана адамзаттын жалпы келечегин курууга өбөлгө түзгөн жаңы үлгүдөгү масштабдуу жана кубаттуу эл аралык уюмга айланды.
Белгилүү америкалык The Diplomat журналы Беларустун ШКУга мүчөлүгү өнүгүүнүн жаңы этабынын башталышы болорун жана Уюмдун географиялык чектерин кеңейтет деп белгиледи. Бул жаатта айта кетчү жагдай Астанадагы саммитте Беларустун ШКУга кошулуусунун үч жылдык жараяны аяктайт.
Түркиянын англис тилдүү күнүмдүк гезити Hürriyet Daily News ШКУнун Астанадагы саммити түрдүү тараптардын макулдашууга жетишүүсүнө жардам берип, Биримдиктин бардык мүчө мамлекеттеринде коопсуздукту, туруктуулукту жана өнүгүүнү илгерилетүүгө активдүү салым кошоорун белгиледи.
Кытайдын Global times басылмасы Си Цзиньпиндин Казакстанга расмий сапары Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен алакасынын жаңы планын аныктай турганын жазды. Серепчилер КЭРнын эл аралык мамилелер системасындагы негизги оюнчу деп эсептешет.
Си Цзиньпиндин Казакстанга сапары анын 2022-жылы COVID-19 пандемиясы башталгандан берки биринчи чет элдик сапары. Бул 2013-жылы «Бир алкак жана жол» демилгесинин маанилүү бөлүгү катары - Жибек жолунун экономикалык алкагын сунуштаган өлкө. Башкача айтканда, бул тараптар ортосунда түзүлгөн эки тараптуу бекем мамилелердин, дипломатиянын жана мамлекет башчыларынын ортосундагы саясий ишенимдин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат жана Борбордук Азия Кытайдын тышкы саясаты үчүн маанилүү аймак болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков