Казакстанда жазгы талаа иштерин жеңилдетилген каржылоого 580 миллиард теңге жумшалат

Казакстанда жазгы талаа иштерин жеңилдетилген каржылоого 580 миллиард теңге жумшалат

Казакстанда жазгы айдап себүү иштерин жүргүзүү үчүн жеңилдетилген каржылоого 580 миллиард теңге бөлүнөт. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу үч эсеге көп. Өкмөттө өткөн жыйында жазгы талаа иштерине каражат бөлүү маселеси талкууланды. Маселен, “Азык-түлүк корпорациясын” форварддык сатып алуу үчүн 40 миллиард теңге, “Кең дала-1” программасы боюнча 140 миллиард теңге бөлүнүп, анын басымдуу бөлүгү дыйкандарга берилди. “Кең дала-2” программасы боюнча 22,5 миллиард теңгеге арыз келип түштү. Ошондой эле, жакынкы арада Өкмөттүн резервинен жана жергиликтүү бюджеттерден пайыздык ченди субсидиялоо үчүн 100 миллиард теңге бөлүнмөкчү. Бул айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жылына 5% менен кошумча 400 млрд теңге тартууга мүмкүндүк берет.  Учурда Айыл чарба тармагын өз убагында каржылоо маселеси Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат. Министрлер кабинети өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи болгон жазгы айдап-себүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков