Казакстандын Президентинин V Улуттук курултайда жарыяланган масштабдуу реформалары чет элдик маалымат каражаттарында кеңири резонанс жаратты. Чет элдик басылмалар өлкөнүн саясий трансформациясынын демилгелерин жана актуалдуулугун талдап жатышат. Мисалы, америкалык TimesCA басылмасында Касым-Жомарт Токаев тарабынан сунушталган институционалдык өзгөрүүлөр 2022-жылдагы конституциялык түзөтүүлөргө негизделип, парламенттин ролун күчөтүүгө багытталгандыгы жазылган. Француз RFI агенттиги Казакстандагы пландаштырылган реформалардын көлөмү жаңы Конституцияны кабыл алууга барабар экенин белгилейт. Материалда парламенттин сунушталган «Курултай» аталышынын символдуулугуна да көңүл бурулат. Бул салттарга болгон урматты билдирет. Италиялык Agenzia Novaнын макаласында өзгөрүүлөрдө Конституциялык комиссия маанилүү роль ойноп, ал сунуштарды системалаштырып, өлкөнүн Башкы мыйзамына түзөтүүлөрдү даярдоо менен алектенери жарыяланган. Ал эми андан кийин референдум өткөрүү мөөнөттөрү аныкталат. Өз кезегинде түрк басылмасы Anadolu Казакстандагы реформалар мурда курулган саясий конструкцияны аягына чыгарып, парламенттин натыйжалуулугун жана партиялардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганын белгилейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

