Алматы – Катарда өткөн эл аралык туристтик көргөзмөдө эң мыкты дестинация деп табылды. Туризм тармагындагы ири иш-чарага 60ка жакын өлкө жана 12 миңден ашуун адам катышты. Көргөзмөгө келгендерге аймактын табигый кооздугу жана маданий мурасы тааныштырылды. Коноктор улуттук ашкананын тамактарынан даам татып, чеберлердин колунан жасалган салттуу казак кийимдерин кийишип, ырларды жана күүлөрдү уга алышты.
Еркебулан
Абихан, Алматы шаары туризм башкармасы башчысынын орун басарынын милдетин
аткаруучу:
- Көргөзмөгө
катышуубуздун максаты-эл аралык өнөктөштөрдү, инвесторлорду жана чет элдик
туристтерди Алматы шаарынын бай туристтик дарамети, анын
кайталангыс жаратылыш ландшафттары, ошондой эле маданий жана тарыхый
объектилеринин ар түрдүүлүгү менен тааныштыруу. Перс булуңундагы өлкөлөрдүн
жашоочулары үчүн негизги туристтик багыт катары шаардын позициясын бекемдөөгө
өзгөчө көңүл бурулду, анткени
аталган рынок биздин шаарга чоң кызыгуучулук таанытууда.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын алты айында Алматыга 300 миңден
ашуун чет элдик турист келди. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,6% га көп. 2024-жылдын
аягына чейин мегаполиске 600 миңге жакын адам келет деп күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

