Борбор калаада болочок чек арачылар даярдалат. Бул үчүн атайын чек ара шаарчасы ачылды. Баатырлар мектебинде аскер, күч түзүмдөрүнө, атайын окуу жайларына тапшырып жаткан окуучуларды даярдоо үчүн уникалдуу аянтча түзүлдү. Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы толук кандуу шарт түздү. Тактап айтканда, кароол мунарасы, мамлекеттик чек арадан кирип келген адамдын изин аныктаган тилке жана башка чек ара белгилери катасыз берилген.
Аманжол Оразбаев, КР УКК запастагы полковниги:
– Биз жалпы аскердик окутуу боюнча 2 инструктор издеп жатабыз, тарбиялык иштер, тактикалык иштер, медициналык окутуу боюнча бирден инструктор издеп жатабыз, мен бул борборду жетектей турган адамды тандайм. Анткени, биз бул борборго 200 окуучуну тартууну көздөп жатабыз. Биз офицер болууну, аскер кызматкери болууну кыялданган жаштарды же бойго жеткенде аскерге барууну каалаган өспүрүмдөрдү тандап алабыз.
Бул мектепте келечектеги офицер болууну каалаган назик жандар дагы аз эмес. Алардын бири-Айдина Нургали.
Айдина Нургали, «Баатырлар Борборунун» тарбиялануучусу:
– Менин бир кездеги кыялдарым азыр максат болуп калды. Мен бул жакка жашоодон өз ордумду табуу үчүн келдим. Башында мен үчүн кыйын болду. Бир аздан кийин мен көнүп калдым. Башында мен үчүн тартиптери кыйын болду. Кыз баласы үчүн оор болот, бул чындык. Бирок ар бир адамда патриоттук сезим болсо, алар үйрөнүп, өздөштүрүп кете алышат.
Белгилей кетсек, келечекте баатырлар борборунда коргоо жана ички иштер министрликтери, ошондой эле Улуттук гвардиянын шаарчалары ачылат. Бул үчүн тиешелүү жер тилкелери бөлүнгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков