ЭСКАТО: Казакстан тартылган инвестициялар боюнча түндүк жана борбор азия лидери

ЭСКАТО: Казакстан тартылган инвестициялар боюнча түндүк жана борбор азия лидери

Казакстан Түндүк жана Борбордук Азия аймагындагы жаңы долбоорлорго инвестиция тартуу боюнча лидер аталды. 2024-жылы чет өлкөлүк бизнес өлкөгө болжол менен 16 миллиард доллар жөнөткөн. БУУнун Азия-Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы быйылкы инвестиция тартуу боюнча отчетун жарыялады. Алсак, 2023-жылга салыштырмалуу республикада капиталдын өсүшү 88%ды түздү. Аймакка тартылган бардык инвестициялардын 63% Казакстанга туура келет. ЭСКАТО тизмесинде  кийинки өлкөлөр Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Грузия жана Армения турат. Серепчилердин пикири боюнча, жалпысынан аймактын инвестициялык климаты эл аралык компаниялардын стратегияларын ар тараптандырууга жана «жашыл» энергия, санариптештирүү, технологиялык инновациялар сыяктуу негизги багыттардагы долбоорлорду колдоого умтулуусун көрсөтөт. Талдоочулардын пикири боюнча, Казакстан ири чет элдик инвесторлордун көңүлүн бурууну улантууда жана туруктуу өсүү менен жаңы мүмкүнчүлүктөр үчүн платформага айланууда.

Габидулла  Оспанкулова, ТИМ инвестиция комитетинин төрагасы:

- Бул жылы бизге ири инвесторлор келишти. Алар Катар мамлекетинен. Анын портфелинде төмөнкү долбоорлор бар: биринчиден, агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү. Биз өндүргөн буудайды терең иштетүү жолу менен андан дагы бир нече түрдөгү товарларды чыгаруу. Экинчиси-бизде газ иштетүүчү заводдун курулушу. Бул долбоор кийинки жылдын аягында же 2026-жылдын башында аяктайт деп күтүлүп жатат.

Быйыл республиканын транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Буга бир катар мамлекеттер менен макулдашууга өбөлгө түздү. Бирдин айында мамлекет башчысы Сиань шаарында транспорттук-логистикалык терминалдын ишин баштады. Ал Кытайдын Шэньси шаарын Казакстан, Борбор Азия жана андан ары Европа менен байланыштырды. Андан кийин жай мезгилинде жүк ташуучу унаалар жана темир жол контейнерлери Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча жөнөтүлдү. Мындан тышкары, Өзбекстан менен транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана Трансауган темир жолунун каттамын өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Дүйнөлүк банк өлкөнүн жол инфраструктурасына 650 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Каражат «жашыл орто коридорду» өнүктүрүүгө, анын ичинде «Жезказган - Караганда» автожолун оңдоого жумшалат. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы «Кызылорда – Жезказган» жолунун курулушуна 300 млн доллар бөлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков