Казакстандын президенти Сербиянын башчысы менен
сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алардын алдында Касым-Жомарт Токаевди расмий тосуп алуу
аземи болду. Сербия ордосунун алдындагы аянтта ардактуу кароол тизилип, эки
өлкөнүн гимндери жаңырып, 10 замбирек атылды. Александр Вучич менен тар
чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдө Касым-Жомарт Токаев бул анын мамлекет башчысы катары
Сербияга биринчи сапары экенин жана казак-серб мамилелеринде маанилүү барак
ачылып, бул чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Мындан
тышкары, Астана менен Белград туруктуу саясий диалогго жана өз ара колдоого
таянуу менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты күчөтүүнү көздөөдө. Александр Вучич Сербия Казакстан менен
ишкер байланыштарды тереңдетүүгө, анын ичинде экономиканын негизги секторлорунда
биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Мамлекет
башчылары ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу
маселелер боюнча пикир алмашышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков