Казакстандагы парламенттик реформа: 300 сунуш келип түштү

Казакстандагы парламенттик реформа: 300 сунуш келип түштү

Казакстандын президенти парламенттик реформа боюнча жумушчу топтун жетекчиси – Мамлекеттик кеңешчини кабыл алды. Ерлан Карин Касым-Жомарт Токаевге анын ишмердүүлүгүнүн аралык жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, мамлекеттик E-Otinish платформасында жана Egov сервисинде «Парламенттик реформа» деген атайын бөлүм ишке киргенден кийин жарандардан жана коомдук ишмерлерден 300гө жакын сунуш түшкөн. Азыр алар изилденип жатат жана жумушчу топтун экинчи жыйынында сунуштар деталдуу каралат. Мамлекет башчысы алдыдагы парламенттик реформанын негизги ролун дагы бир жолу баса белгиледи. Ал өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөрдүн жаңы этабы болуп калат. Президент бардык сунуштарды кылдаттык менен изилдеп, алардын негизинде парламенттик системаны жаңылоо боюнча конкреттүү сунуштарды даярдоону тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков