Казакстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен электрондук сооданы жөнөкөйлөтөт. Сенат ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү жактырды. Электрондук сооданын жаңы эрежелери анын укуктук базасын түзүүнү, бажылык башкаруу процесстерин оптималдаштырууну жана жалпысынан интернет-платформаларда сатылган өнүмдүн коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү карайт. Мындан тышкары, өзгөртүүлөр бажы төлөмдөрүн жана салыктарды жыйноодон бюджетке түшүүлөрдү камсыз кылат.
Маулен Ашимбаев, КР парламентинин төрагасы:
- «Электрондук соода оператору» деген түшүнүк жана бажы декларациясынын жаңы түрү – электрондук соода декларациясы киргизилип жатат. Документте бажылык башкарууну өркүндөтүүгө багытталган башка ченемдер да камтылган. Мыйзам Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы электрондук соода жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

