Казакстан алдыдагы эки жылда канаттуулардын этине болгон муктаждыгын толугу менен жабууга ниеттенүүдө. 2025-2026-жылдары өлкөдө бул багытта 4 ири долбоорду ишке киргизүү пландалууда. Алардын жалпы кубаттуулугу жылына кошумча түрдө 200 миң тоннага жакын тоок этин берүүгө жөндөмдүү болот. Серепчилер импорттон толук кутулууга болоорун айтышууда. Жада калса бул өнүмдү экспорттоого да мүмкүнчүлүк пайда болот. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда канаттуулардын этин өндүрүүнүн жалпы көлөмү жылына 328 миң тоннаны түзөт. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, агро өнөр жай комплекси тармагында жалпы суммасы 447 миллиард теңгеге жакын 91 ири инвестициялык долбоорлордун пулу түзүлдү. Негизинен эт, сүт, дан, кайра иштетүү жана күнөскана чарбасын өнүктүрүүгө артыкчылык берилет. Бул жаатта австралиялык алдыңкы тажрыйбаны пайдага жаратуунун да жолдору каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков