Президент мамлекеттик сапардын алкагында Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин рухуна таазим этип, анын жана жубайы Зарифа Алиеванын бейиттерине гүл чамбар койду. Андан соң Касым-Жомарт Токаев «Нагорный» сейилбагынын аймагында жайгашкан шейиттер аллеясындагы өчпөс отко гүл чамбар коюу аземине катышты. Бул жерде өлкөнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн курман болгон Азербайжан элинин баатырлары коюлган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков