Жарандык авиация академиясынын
тарыхында туңгуч аялдар экипажынын биринчи учушу ишке ашырылды. Аялдардын курамы - инструктор-учкуч
Аделина Луценко менен студент Екатерина Степина Тараз аэродромунан бир моторлуу окуу-машыгуу учагы менен
асманга көтөрүлүштү. Белгилей кетсек, Аделина Луценко буга чейин Испанияда
Европанын авиациялык коопсуздук агенттигинин сертификациясынан өткөн. Ал эл
аралык даражадагы учкуч-инструктор болуп эсептелет.
Которгон:
Илгиз
Жамалбеков