Казакстан Азия менен Европанын ортосундагы маанилүү кургактык коридоруна айланууда. Буга Казакстандын Евразиянын борборунда жайгашканы өбөлгө түзөт. Ошондуктан өлкө берилген бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып, дүйнөлүк маанидеги транспорттук-транзиттик түйүн болууга тийиш. Бул тууралуу Президент элге кайрылуусунда да айтты. Биздин өлкө Маңгыстау облусунда бул багытта ири долбоорлордун бирин ишке ашырып жатат. Актау портунун базасында контейнердик хаб түзүлөт. Бул ар кандай багыттар боюнча, анын ичинде «Түндүк-Түштүк» коридорлору жана Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча контейнердик жүктөрдү иштетүү жана жүктөө боюнча кызматтардын комплексин көрсөтүү үчүн инфраструктураны түзүүгө, ошондой эле анын аркасында Каспий жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн контейнердик паркты түзүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, биринчи кезекте 2025-жылы аяктоо пландалууда.
Кототргон: Назира Бегалиева