Бул жеңилдик магистратура жана докторантура программалары үчүн гана сунушталат. Мындан тышкары, абитуриенттердин тилдик даярдыгын күчөтүү үчүн 8 ата мекендик университетке 200 орун бөлүнөт. Илим жана жогорку билим берүү министринин тиешелүү буйругунун долбоору "Ашык" НКА порталына жарыяланды. Кошумчалай кетсек, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети жана Гумилев атындагы Евразия улуттук университети чет элдик жарандарга жалпысынан 50 грант сунуштайт. Түркия Республикасынан жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген абитуриенттерге Эл аралык Казак-Түрк университетинде окуу үчүн дагы 200 грант берилиши мүмкүн. Тиешелүү мекеме буйругунун долбоору кулжа айынын 14нө чейин коомчулуктун талкуусуна коюлат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков