"Унутулгус окуялар жана кайталангыс адамдар" сериясындагы тыйындар мааракелик темасын камтыйт. Монеталар Казакстандын БУУга киргендигинин 30 жылдыгына, Азиядагы өз ара иш-аракет жана ишеним чаралары кеңешинин 30 жылдыгына, ал эми соңку экөө өлкөнүн Кытай жана Орусия менен дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган. Алгачкысынын тиражы 2 миң даана болсо, акыркы экөө 1000ден көп. Уникалдуу монеталарды интернет-дүкөндөн сатып алууга болот.
Алмат Басенов, улуттук банктын башкы дизайнери:
- Тышкы иштер министрлигинен арыз келип түштү. Министрликтин билдирүүсүндө аталган маанилүү окуялар эске алынган. Коллекциялык монеталар никель эритмесинен жасалды. Сапаты proof-like. Бул тыйындарды чыгаруунун абдан сапаттуу ыкмасы экенин баса белгилей кетүү керек. Жакшылап карасаңыз, сүрөттөрдүн күңгүрт бетинде дагы бир жалтырак жылмакай бетти көрөсүз.
Алмат Басеновдун айтымында, монеталарга басылган сүрөттөрдүн өзүнүн өзгөчө символикасы бар. Мисалы, «Казакстан. БУУ. 30 жыл» монеталарында жылдыздар түшүрүлгөн. Алар бул уюмга катышкан бардык мамлекеттердин тең укуктуулугун билдирет.
Алмат Басенов, улуттук банктын башкы дизайнери:
- Мындан тышкары Казакстандын Кытай жана Орусия менен дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган эки эстелик монетаны жүгүртүүгө чыгардык. Эсиңиздерде болсо, эгемендүү Казакстандын 30 жылдыгы 2021-жылы белгиленген. Ал эми бул окуялар аталган датага байланыштуу экени белгилүү. Казакстан эгемендик алгандан кийин бир жылдан соң көптөгөн мамлекеттер менен кызматташа баштаган.
Кошумчалай кетсек, быйыл Казакстандын улуттук валютасы теңгенин мааракеси белгиленет. Аталган күнгө карата өлкөнүн башкы каржылык жөнгө салуучу органы ушул жылдын күз айларында 2 жаңы коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков