«Казакстандын Турак жай курулуш сактык банкынын» аталышы «Үй-бүлөлүк банк» болуп өзгөрдү

«Үй-бүлөлүк банк» болуп өзгөргөн «Казакстандын Турак жай курулуш сактык банкы» 2021-жылдан баштап турак жайларды бөлүштүрүү жараянын борборлоштурат. Бул үчүн акимчиликтер батирлердин кезегин банкка өткөрүп беришет. Ошентип, «Турак жай борбору» пайда болот жана ал бирдиктүү терезе принциби боюнча иштейт. Кызмат батирге муктаж болгон бардык жарандарга жеткиликтүү. Буга кошумча келерки жылдан баштап батир кезегине турган жарандар үчүн «Шаңырак» программасын пилоттук долбоор натыйжаларын эске алуу менен өзгөртүү мерчемделген.  

НУРЛАН АКШАНОВ, «ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУШ САКТЫК БАНКЫ» АК «ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАНК» БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз киреше боюнча башында бекитилген норматив - 3,1айлык эсептик көрсөткүчтүн төмөн экендигин түшүндүк. Учурда аны 3,7 айлык эсептик көрсөткүчкө жеткирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул кардарлардын көпчүлүгүнө ушул программага катышууга мүмкүнчүлүк берет.

«Үй-бүлөлүк банк» биринчи кезекте социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Эми батир алуу түйшүгү азайып, кийинки башкаруунун эффективдүүлүгү жогорулайт. Банк тарабынан ишке ашырылып келген турак жай курулуш сактык тутумдары өзгөрбөйт. Тескерисинче корпоративдик кардарлар үчүн анын натыйжалуулугу артат. Бул өз кызматкерлерине арнап үйлөрдү курган же аларга насыя алууга мүмкүнчүлүк берген шаар куруучу компаниялар менен ортодогу түзүлгөн келишимдер аркылуу мүмкүн болуп жатат.

НУРЛАН АКШАНОВ, «ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУШ САКТЫК БАНКЫ» АК «ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАНК» БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Кызматкерлерди ишканалар өздөрү тандашат. Аз өлчөмдө ижарага алуу наркын төлөп, каржыны депозитке салат. Андан кийин белгилүү бир убакытта жеңилдетилген насыя менен жеке менчигине сатып алат.

Пандемия учурунда банк өнүмдөрдү санариптештирүү жараянын өнүктүрдү. Биометрикалык инновациялык видео банкингди онлайн режимде 7 миң аманатчы колдонгон. Бул быйылкы жылы  депозит ачкандардын 20% түзөт.