Казакстандын аймактарында өрт чыгуу коркунучу бар. Бүгүнкү күндө республика боюнча 42 жазгы токой өртү катталган. Өрт 668 гектар аянтты каптады. Былтыр Казакстанда 167 миң гектар токой өрттөнүп, 6 миллиард теңгеден ашык материалдык чыгым алып келген. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Юрий Ильин табигый өрттөрдү болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндама жасады. Бугу айынын аягына чейин өрткө каршы инспекция улуттук парктарды жана коруктарды текшерүүнү аяктайт. Өрт очокторун абадан көзөмөлдөө системалуу түрдө ишке ашырылат.
Юрий Ильин, Өзгөчө кырдаалдар министри:
- «Казгидрометтин» болжолдуу маалыматы боюнча, алдыдагы өрт коркунучу мезгилинде орточо температура +30ºС түзөт. Өлкөнүн түштүк, чыгыш жана батыш аймактарында кургакчылыктан жана температуранын +40°Сге чейин көтөрүлүшүнө байланыштуу жаан-чачындын жетишсиздиги болжолдонот. Мунун баары токой өртүнүн чыгуу коркунучун бир топ жогорулатат. Өрткө каршы кызмат өкүлдөрү чарбаларды кыдырып чыгууну кайрадан баштады. Иштин жүрүшүндө алар кызматкерлерге жана жетекчилерге нускама беришет, алгачкы өрт өчүрүү жабдыктарынын бар-жоктугун текшеришет, сунуштар жазылган атайын эскертмелерди таркатышат.
Анткен менен аймактардагы токой чарба мекемелери өрткө карата толук даяр эмес. Өзгөчө кырдаалдар министри алардагы техниканын эскилиги жеткенин билдирди. Ар бир бешинчи унаа өрттү өчүрүүгө даяр болбой турат. Талаа аймактарында быйыл да өрт коркунучу жогору - дейт Юрий Ильин.
Которгон: Илгиз Жамалбеков