Казакстанда жылдык инфляция
басаңдады. Теке айында 14%, айлык инфляция 0,6%ды түзгөн. Мындай абал өлкөнүн бардык аймактарында байкалууда.
Ошол эле учурда жылдык инфляциянын эң жогорку көрсөткүчтөрү Астана, Түндүк
Казакстан жана Улытау облустарында катталды. Мындай маалыматты өлкөнүн Улуттук
банкы жарыялады. Белгилей кетсек, азык-түлүккө болгон баанын өсүшү 13,5%га
төмөндөгөн. Бул топтогу товарлардын баасы Улытау облусунда мүмкүн болушунча
тез, ал эми Атырау облусунда жай өстү. Азык-түлүккө кирбеген товарларга баанын
өсүү темпи 15,0 пайызга чейин төмөндөгөн. Бирок өткөн айда акы төлөнүүчү
кызматтардын баасы бир аз көтөрүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков