Казакстан Венгрияга экспортту көбөйтүүгө ниеттенүүдө

Казакстан Венгрияга экспортту көбөйтүүгө ниеттенүүдө

Казакстан Венгрияга экспортту 95 түрдүү товар боюнча көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Премьер-министри Олжас Бектенов Венгриянын Президенти Тамаш Шуйок менен жолугушууда билдирди. Тараптар Европа Биримдигине ата мекендик өнүмдөрдү ташууну кеңейтүү максатында Будапешт агломерациясында интермодалдык жүк терминалын куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Жаңыдан түзүлгөн Казакстан-Венгрия инвестициялык фонду биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүү куралына айланмакчы. Сүйлөшүү учурунда жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча кызматташтыктын стратегиялык артыкчылыгы белгиленди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков