Казакстан менен Азербайжан Каспий деңизинин түбүнө була-оптикалык түйүндү төшөөнү көздөөдө. Эки өлкөнүн телекоммуникация базарындагы ири операторлор биргелешкен келишимге кол коюшту. Кабельдик желенин узундугу 380 чакырым, суу астында жүрүүчү жаңы магистралдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 400 терабитке жетет. Казакстан менен Азербайжандын ортосунда Каспий деңизинин түбүн бойлой оптикалык була жолду куруу долбоору трансулуттук «Санарип Жибек Жолунун»негизги компоненттеринин бири болуп саналат. Ал Борбордук Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрүндө интернет байланышынын сапатын жакшыртуу, ошондой эле Азия менен Европанын ортосунда мультитерабиттик маалыматтарды берүүнү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Ага чейин була-оптикалык байланыш желесин куруу боюнча Казакстан-Азербайжан биргелешкен ишканасы түзүлгөн. Компания «Санариптик Жибек Жолу» долбоору санариптик кызматтардын өсүшүнө жана жаңы өнүмдөрдү иштеп түзүүгө түрткү берерин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков