Жеңилдетилген автоунаа насыясы: Серепчилер механизмдери менен шарттарын жарыялашты

Жеңилдетилген автоунаа насыясы: Серепчилер механизмдери менен шарттарын жарыялашты

Жеңилдетилген авто унаа насыя алуу үчүн кезекте турган казакстандыктар кайрадан арыз берүүгө тийиш. Алардын арызы бүгүнтөн тарта кабыл алынат. Кабыл алуу азырынча программанын оператору кабыл алынган шартта бирөөндө гана жүргүзүлөт.  Бул тууралуу атайын маалымат жыйынында Өнөр жайды өнүктүрүү фондунун жетекчи орун басары Ринат Гаппаров түшүндүрмө берди.

Ринат Гаппаров, Өнөр жайды өнүктүрүү фондунун жетекчи орун басары:

- Ушул убакка чейин жеңилдетилген авто унаа насыя программасы боюнча банктарда кезекке турган жарандар кезегин жогопойт,  баары ошол бойдон калат. Ар бир банктын өзүнүн чеги болот, аны бийлик органдары аныктайт. Ага жараша банктар тиешелүү акчаны алышат. Азыркы учурда биздин фонд корпоративдик процедурадан өтүп, банктар менен келишим түзүүдө. Башка банктар менен корпоративдик келишимдерди аяктап жатабыз. Аптанын аягына чейин калган үч банк менен макулдашып, аларга да каражат которулат деп ойлойм.

Анткен менен адамдар автосалондордо кезекке туруп, дүрбөлөңгө түшүүдө. Анткени алар программа бугу айынын 16да толугу менен ишке кирээрине ишенишкен.

БЛИЦ:

- Эмне болорун билбейм, бирок кезекке турганым жакшы деп ойлойм.

- Эгерде ушундай сандагы адамдарды камтыган каражат жок болсо, эмнеге кайрылуулардын санын кыскартпайт, түшүнүксүз! Баары ачык болоорунан күмөнүм бар.

- Менин кезегим электрондук түрдө ачык жана адилеттүү болооруна шегим бар, анткени менин кезегим жылып кеткенинен кабарым жок.

Ал эми Казакстан автобизнес ассоциациясынын вице-президенти Анар Макашева шаар тургундарын тынчсызданбоого чакырды. Ал программа ачык иштээрин билдирди. Ассоциациянын өкүлү жеңилдетилген авто унаа насыясынын бир нече багыттарына токтолду.

Анар Макашева, Казакстан  автобизнес ассоциациясынын вице-президенти:

- Биринчиден, автосалонго келип, унааны тандоо керек. Андан кийин унаанын баасына макул болсоңуз, аны сатып алам деген жаранга анын VIN-коду жазылган төлөм эсеп-фактурасы берилет. Ушул алгачкы жараяндардан кийин гана керектөөчү жеңилдетилген авто унаа насыя программасы боюнча экинчи деңгээлдеги банкка кайрыла алат. Арыз жактырылгандан кийин Каржы мекемеси кепилдик катын чыгарат жана аны керектөөчүгө берет. Андан кийин унааны каттоо процедурасы башталат. Башкача айтканда, унаа каттоодон өтүшү керек. Бул үчүн атайын документтердин тизмеси бар, алардын тизмесин egov сайтынан тапса болот.

Белгилей кетсек, программаны ишке ашырууга 100 миллиард теңге бөлүнгөн. Анын шарттарына ылайык, каалаган казакстандык автоунааны баштапкы төлөмсүз, 4 пайыздык жеңилдетилген үстөк менен сатып алса болот. 10 миллион теңгеге чейин насыя 7 жылдык мөөнөткө берилет. Транспорттун жалпы баасы 15 миллион теңгеден ашпашы керек.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков