Борбор калаада ата мекендик жана чет элдик алдыңкы серепчилер жашыл энергетиканы өнүктүрүү темасын талкуулашууда. Энергиянын кайра жанма булактары жана калдыктарды кайра иштетүү боюнча алтынчы Евразия бизнес форумунун ишине Улуу Британиядан, Латвиядан, Германиядан, АКШдан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн 200дөн ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана тармактын адистери катышууда. Чогулгандар улуттук жана аймактык деңгээлде таштандыларды кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдерди табууга ниеттенишүүдө. Ошондой эле, колдо болгон технологияларды киргизүү боюнча өлкөлөрдүн алдыңкы ыкмаларын жана тажрыйбасын колдонуу, таштанды салыгынын баасын өзгөртүү, тиричилик жана өнөр жай калдыктарын башкаруу системасын модернизациялоо, эко-долбоорлорду иштеп чыгуу темалары да талкууланат. Форумдун жыйынтыгы боюнча катышуучу өлкөлөр жашыл экономиканы жана калдыксыз өндүрүштү өнүктүрүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууну көздөшүүдө.
Зульфия Сулейменова, Казакстандын экология, геология жана табигый ресурстар министринин орун басары:
- Экологиялык кодекске ылайык, таштандыларды башкаруу ишинде жергиликтүү аткаруу органдары чоң роль ойнойт. Ошол эле учурда алар менен биргелешип конкреттүү кайсы жерде колдоо керек экендигин жана кайсы жерде ишибизди күчөтө алабыз, ошону көзөмөлдөгөн сессия бар. Бул багыттагы ишти мындан ары жакшыртуу үчүн дагы эмне кылсак болот? Чечимдердин бири айланма экономиканы өнүктүрүү болуп саналат. Бул албетте ыкмаларды кайра карап чыгууну талап кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков