Казакстанда жыл башынан бери агро өнөр жай тармагында 50дөн ашык инвестициялык долбоор жүзөгө ашырылды

Казакстанда жыл башынан бери агро өнөр жай тармагында 50дөн ашык инвестициялык долбоор жүзөгө ашырылды

Казакстанда жыл башынан бери айыл чарба тармагында 50дөн ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылды.  Алардын баасы 30 миллиард теңгеден ашат. Эң көп ишканалар Түркестан облусуна тиешелүү.  Бул жерде сүт жана жашылчаларды кайра иштетүү, канаттуулар фабрикасы, кампа жана күнөскана комплекстери ишке киргизилди. Абай облусунда да жетишкендиктер аз эмес. Облуста мал чарба өнүмдөрүнүн генетикалык фондусун жакшыртуу долбоору, тазартылбаган күн карама майын жана кунжараны өндүрүү долбоору ишке ашырылууда. Быйылкы жылы айыл чарба тармагында бир жарым миллиард теңгеге 300дөн ашык долбоорду ишке киргизүү мерчемделген.

Талгат Бакенов, айыл чарба министрлигинин инвестициялык саясат башкармасынын башчысы:

– Акмола облусунун ишкерлери мамлекеттик колдоо чараларын сүт товар фермаларын кеңейтүү, өсүмдүк жана мал чарба азыктарын кайра иштетүү долбоорлорунда колдонушту. Атап айтканда, бакма канаттууларга тоют, ун, тоңдурулган жарым фабрикаттардын өндүрүшү жолго коюлган. Ишканалардын жалпы кубаттуулугу жылына 4100 тоннаны түзөт. Жамбыл облусунда кубаттуулугу 30 миллион жумуртка инкубатор пайдаланууга берилди. Үч чарбачылык инфраструктурасы бар жамгырлатуу техникасын орнотту. Актөбө облусунда 100 малга ылайыкташкан репродуктор ишке киргизилип, «Айыл аманаты» долбоорунун алкагында жылына 4 тонна жашылча өндүргөн күнөскана курулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков