Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилов Дохада өтүп жаткан үчүнчү Катар экономикалык форумунун алкагында Араб мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен болгон жолугушуусунда билдирди. Казакстандын Өкмөтүнүн башчысы Катар өлкөнүн араб дүйнөсүндөгү маанилүү саясий жана экономикалык өнөктөшү экенин белгиледи. Буга өз ара сооданын жана инвестициялык агымдардын көлөмүнүн өсүшү далил болот. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде эле эки тараптуу соода жүгүртүүнүн өсүшү дээрлик 18 эсеге жеткен. Өткөн жылы Казакстан экономикасына Катардын инвестициясынын көлөмү 3 эсеге өстү. Өз кезегинде Катардын Эмири бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин билдирди. Кошумчалай кетсек, өлкөнүн премьер-министри казакстандык өндүрүүчүлөр өз өнүмдөрүн Катардын рыногуна экспорттоого кызыкдар экенин айтты. Жалпысынан жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, агроөнөр жай комплекси, инвестиция тартуу жана жарандык авиация чөйрөлөрүндө өз ара кызматташтыкты чыңдоо дараметин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков