Казакстан экономикксынын өсүү көрсөткүчү 6,2%га жетти

Казакстан экономикксынын өсүү көрсөткүчү 6,2%га жетти

Казакстандын ИДӨсү 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6,2%га өстү. Бул өлкө экономикасынын акыркы 14 жылдагы эң жогорку өсүү көрсөткүчү. Бул тууралуу өкмөт отурумунда премьер-министрдин орун басары - улуттук экономика министри билдирди. Серик Жумангариндин айтымында, өсүштүн негизги булагы экономиканын реалдуу сектору жана кызмат көрсөтүү тармагы болуп саналат. Негизги кыймылдаткыч күчү да транспорт жана курулуш тармагы. Ошондой эле, соода тармагында да жандануу байкалууда, тоо-кен өнөр жайынын, кайра иштетүү секторунун өсүшү уланууда. Инвестиция көлөмү да 19%га өскөн. Бул жаатта капитал салымдары көлөмүнүн көбөйүшү билим берүү, каржы кызматы, ден соолук сактоо сыяктуу келечек экономиканы калыптандыра турган тармактарда да байкалат. Ошону менен катар, 2025-жылдын беш айында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 53,5 млрд долларга жетти. Бул жаатта экспорт 30 млрд долларды түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков