Азыркы геосаясий
кырдаалда мамлекеттин туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн күч-аракетти бириктирүү
керек. Өлкөнүн премьер-министри кытайлык компанияларды эки тараптын ишкердик
кызматташтыгын кеңейтүүгө чакырды. Алихан Смаилов Шанхайда өткөн 6-Кытай эл
аралык импорт көргөзмөсүнүн расмий ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. Бул жыл сайын
дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү катышкан масштабдуу көргөзмө,
глобалдык бизнес платформа болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кытай Борбор Азия
өлкөлөрү менен ишкердик байланыштарын жигердүү кеңейтүүдө. Өткөн жылдын аягында
соода көлөмү 70 миллиард долларды түзсө, анын дээрлик жарымы Казакстанга
тиешелүү. Тараптар оң динамиканы эске алуу менен 2030-жылга карата өз ара соода-алака
100 миллиард долларга жетет деп ишенишет.
Алихан Смаилов,
Казакстан Премьер-министри:
- Кытай-Европа
багыты боюнча контейнердик ташууларды мындан ары жогорулатуу үчүн Транскаспий
эл аралык транспорттук багытын жигердүү колдонууну сунуштайбыз. Бул товардык жүк ташуу
убактысын эки эсе кыскартууга мүмкүндүк берет. Казакстан-Кытай чек арасында
3-темир жол өткөрмө пунктун, «Бахты» жана «Калжат» өтмөктөрүндө «кургак
портторду» куруу, Актауда контейнердик хаб, Кара деңиздин Ортоңку жээгинде
порттордун кубаттуулуктарын кеңейтүү көздөлгөн. Биз кытайлык транспорт
компанияларын аталган долбоорлорго катышууга чакырабыз.
Муну менен катар
Казакстан Кытай менен айыл чарба тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар.
Бул өз кезегинде аймактардын азык-түлүк коопсуздугун чыңдайт. Өз ара
аракеттенүүнүн дагы бир келечектүү багыты – электрондук аянтчаларды пайдалануу.
Анын үстүнө бүгүнкү күндө бул жерде бизнесин кеңейтип жаткан ата мекендик
ишкерлер да бар. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын бугу айында JD.com платформасында
Казакстандын Улуттук павильону ачылып, Alibaba Group менен кызматташуу
бекемделген. «Казакстан логистиканы эки тарапка тең пайдалуу негизде
оптималдаштыруу максатында бажы кампаларынын курулушун өнүктүрүүгө даяр», - деп
белгиледи өкмөт башчысы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков