Казакстан өз аймагынан сейрек кездешүүчү металлдардын кендерин табууга жигердүү кирише баштады. Министрликтин маалыматы боюнча, учурда «жаңы мунайдын» дараметтүү жер казынасын издөө 12 объектиде жүзөгө ашырылууда. Геологиялык чалгындоо иштерин жылдын аягына чейин аяктоо мерчемдеп жатат. Андан кийин алардын корундагы кен байлыктардын көлөмүн баалоо жүргүзүлөт. Эске сала кетсек, өткөн жылы өлкөнүн чыгышында литийдин дараметтүү кору табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул өнөр жайлык болуп саналып, бирок аларды ырастоо жана таралуу аймагын белгилөө үчүн деталдуу изилдөөлөр керек. Адистердин эсеби боюнча, жаңы шахтада табылган сейрек металлдардын кору 16 миллиард долларга бааланууда. Өткөн жылы тармакты өнүктүрүүнүн комплекстүү планы кабыл алынган. Ага ылайык, Казакстан алдыдагы беш жылда “Жаңы мунай” өндүрүүгө 5 миллион доллардан ашык инвестиция салат. Адистер дараметтүү ресурстардын жалпы баасы 46 триллион долларды түзгөн 5000дей кенди камтышы мүмкүн деп эсептешет. Ошону менен бирге айта кетсек, буга чейин мамлекет башчысы «Жаңы мунай» кендерин иштетүүнү тапшырган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков