Казакстанда жумушка орношууну жеңилдетүү үчүн «электрондук өздүк иш» сервиси ишке кошулду

Казакстанда жумушка орношууну жеңилдетүү үчүн «электрондук өздүк иш» сервиси ишке кошулду

Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги кагаздан, жол тыгынынан арылуунун заманбап жолун сунуштады. Тармакта административдик тоскоолдуктарды жоюуга багытталган «Электрондук өздүк иш» жаңы сервиси ишке кирди. Система жумуш менен камсыз кылууну жеңилдетүүгө багытталган. Башкача айтканда, мындан ары өзүңүз менен бирге күбөлүк, соттолгондугу, наркологиялык жана психиатриялык диспансерден бериле турган маалымкат алып жүрүүнүн кереги жок. Мындан кийин иш берүүчү дараметтүү кызматкердин резюмесин карап чыгууга жана иштеп чыгууга керектүү бардык маалыматты онлайн режиминде сурай алат. Муну менен катар, эч жакка барбай туруп электрондук эмгек келишимин аралыктан түзүүгө болот. Мындан ары иш берүүчүлөр аны электрондук эмгек биржалары же ишканалардагы кадрларды эсепке алуу менен байланышкан маалыматтык системалар аркылуу колдоно алышат.  Бул кызмат атайын адам ресурстарынын порталында жеткиликтүү болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков