Казакстандык экологдор түштүк кореялык кесиптештери менен бирге Арал деңизинин түбүн жашылдандыруу долбоорун ишке ашырууну пландап жатышат. Мындай сунуш бүгүн Алматыда өткөн Азия токой кызматташтыгы уюмунун кезектеги жыйынында айтылды. Адистер белгилегендей, жашылдандыруу деңиздеги туз жана кум кендеринин көбөйүшүнө каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири. Долбоорго ылайык, 160 миң гектар аянтка бак-дарактар отургузулат.
Мади Нурпейисов, Казакстандын ЭГЖРМнин токой чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:
- Биз Азия токой кызматташтыгы уюмун Арал көчөттөрүн отургузуу долбооруна катышууга чакырдык. Бул долбоордун максаты – деңиз түбүнө сөксөөл көчөттөрүн отургузуу. Учурда атайын питомник уюштуруунун деталдарын талкуулап жатабыз. Уюм азыр биздин сунушту кароодо. Эмдиги жылы ишти баштайбыз деген ойдобуз.
Пак Ин Шик, Токой чарба кызматынын эл аралык кызматташтык департаментинин башкы мүдүрү: КОРЕЯ
- Корея токойлорду ийгиликтүү калыбына келтирип жатканын баары билет. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биз үчүн негизги өкүлдөрдүн бири болгон Казакстан менен тажрыйба бөлүшүүгө даярбыз. Токой климатты сактоодо негизги ролду ойнойт. Ошондуктан климаттык кризистин көйгөйлөрүн биргелешип чечебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков