Борбор калаада ата мекендик кылкалем чеберлеринин мыкты эмгектери коюлду. Улуттук музейде Казакстан Сүрөтчүлөр союзунун 90 жылдыгына карата эл аралык көргөзмө ачылды. Анда коомчулуктун назарына 270ке жакын көркөм чыгарма тартууланды. Мында түрдүү техникада кенепке тартылган сүрөт искусствосу менен катар, кийиз, кездемеден жасалган буюмдарды жана карапа чеберлеринин, айкелчилердин уникалдуу эмгектерин көрүүгө болот. Акыркы эки жылдын ичинде жаралган чыгармалардын аткаруу стили ар башкача болгону менен, алардын баарын улуттук калорит бириктирип турат. Көргөзмөдө ата мекендик авторлор менен бирге Борбордук Азия, Грузия, Литва, Беларусь, Молдова, Бурятия, жада калса Канаданын сүрөтчүлөрүнүн эмгектерин кезиктирүүгө болот. Белгилей кетсек, бул Казакстан Сүрөтчүлөр союзунун мааракелик отчёттук иш-чарасы. Жыл бою республиканын облус борборлорун кыдырган көчмө көргөзмө борбор калаада аяктады. Өлкөдө дээрлик 1 кылым мурда түзүлгөн чыгармачылык уюм бүгүнкү күндө 1200гө жакын кесипкөй чеберди бириктирет.
Өмирбек Жубаниязов, Казакстан сүрөтчүлөр союзунун төрагасы:
- Ар кандай көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга ээ болуп жаткан сүрөтчүлөр бар. Жалпысынан КМШ өлкөлөрүнүн арасында мурунтан келе жаткан Казакстандын сүрөт мектеби өзгөчө орун алат. Анын жеке намысы бийик деп эсептейм. Себеби, улуу муундарыбыз түзүп, калыптандырып кеткен казак мектебин жоготуп албашыбыз керек. Колубуздан келишинче бул нерсени улантуу биздин милдетибиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков