«Болашак» программасынын демилгеси менен дүйнөнүн эң мыкты университеттеринде такшалмадан өткөн казакстандыктардын биринчи тобу алган билимдерин коргоп, атайын сертификатка ээ болушту. 2021-жылы 416 окумуштуу аспирант болсо, алардын 156сы Америка Кошмо Штаттарынын жогорку окуу жайларында билимин өркүндөтүштү. Эми алар өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга даяр.
Алибек Ыдырыс уулу, биомедицина борборунун башчысы:
- Өлкөбүздөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири – бул илимий басылмалардын рейтингинин өтө төмөн болушу. Муну жакшыртуу максатында атайын изилдөөлөрдү жүргүздүм. Атайын Scopus, web of Science жана Google scholar маалымат базаларынан биздин өлкөнүн окумуштууларына тиешелүү бардык маалыматтарды алып, конкреттүү сунуштарды иштеп чыктым. Быйыл ушул убакыттан пайдаланып 13 макала жарыялап, жакшы деңгээлде аяктап жатам.
Наужан Дидарбекова, улуттук тестирлөө борборунун мүдүрүнүн орун басары:
- Биз өзүбүздүн өлкөбүзгө барып, бул жерден алган тажрыйбабызды ишке ашырабыз деген ойдобуз.
Белгилей кетсек, мамлекет башчынын буйругу менен жыл сайын 500 ата мекендик окумуштууга мамлекеттин эсебинен илимий такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. 134 адистик такшалуу үчүн илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмесине киргизилген. Айрыкча «Суу ресурстары жана сууну пайдалануу», «Вирусология», «Жашыл инновациялар», «Наноматериалдар жана нанотехнологиялар” адистиктери суроо-талапка ээ.
Которгон: Илгиз Жамалбеков