Казакстандыктар виртуалдуу оюн иштеп чыгышты

Казакстандыктар виртуалдуу оюн иштеп чыгышты

Улуттук стилдеги компьютердик оюн. Казакстандык иштеп чыгуучулар уюлдук телефонго көчүрүп алуучу уникалдуу оюн иштеп чыгышты. Онлайн мейкиндикке киргендер камчы кармап, тулпар тизгиндей алат. Кармашуунун ар кандай түрлөрү бар. Бардык интерфейс мамлекеттик тилде. Аны тиркеме дүкөндөрүндө пайда болгон күндөн баштап 300гө жакын адам уюлдук телефонуна жүктөп алууга жетишкен.

Дамир Каражигитов, оюндун автору:

- Падышалардын салгылашуусунда бир чекиттен экинчи чекитке жетүү үчүн ар кандай унаалар бар. Бирок биз транспорт анча болбой калат деп атты колдондук. Анан да камчыны да коштук.

Которгон: Илгиз Жамалбеков