Казакстанда тез өнүгүп жаткан спорттук обьектилер курулушу мүмкүн

Казакстанда тез өнүгүп жаткан спорттук обьектилер курулушу мүмкүн

Казакстандын Маданият жана спорт министри Даурен Абаев өкмөттүн бүгүнкү жыйынында спорт залдары жетишсиз болгон айыл жергесинде тез өнүгүп жаткан спорт объектилерин курууну сунуштады. Анын айтымында, өлкөдө спорттук инфраструктуранын жетишсиздигин чечүү максатында 100 спорттук-эс алуу комплексин куруу долбоору ишке ашырылды. Салынган комплекстер спорттук обьектилердин жеткиликтүүлүгү боюнча абалды жакшыртты. Бирок, алар кымбат баалуу долбоорлордун катарына кирет. Министр алардын айрымдары аз калктуу-конуштарда да курулгандыгын баса белгиледи. Натыйжада айрымдары толук кандуу иштебей жатат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө 42 миңден ашык спорт объектилери болсо, анын 23 миңден ашыгы айыл жергесинде жайгашкан.

Даурен Абаев, Казакстандын маданият жана спорт министри:

– Имараттын курамында максаттуу пайдаланылбаган жерлер бар. Бул ыкманы өзгөртүүнү сунуштайбыз. Бул маселени чечүүнүн бир жолу - тез, арзан объекттерди куруу. Маселен, Түндүк Казакстан облусунун акимиаты айыл аймактарын турак-жай инфраструктурасы менен камсыздоодо бул тажрыйбаны колдоно баштады. Бул алда канча арзан, функционалдык жактан бай, тезирээк ыкма. Башка акимчиликтерден ушул ыкманы карап көрүүнү суранабыз.

Ошондой эле, министр 2025-жылга чейин спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча өкмөткө атайын план берилгенин белгиледи. Документтин алкагында 140 долбоорду ишке ашыруу көздөлүп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков