Эми компаниялар расмий рынокко чыкпай эле баалуу кагаздарды сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Жаңы механизм туунду каражаттар менен трансчек аралык биржадан тышкаркы операцияларды милдеттүү түрдө аткарууну карайт. Укуктук чөйрөдөгү инновациялардын аркасында ишкерлер хеджирлөөнүн эффективдүү каражаттарына ээ болушат. Бул бардык тобокелдиктерди азайтуу үчүн зарыл. Адистердин айтымында, мыйзамдык өзгөртүүлөр эл аралык келишимдерди түзүүгө, экспорттук-импорттук операциялардын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле келечекте экономиканын өсүшүнө, туруктуу каржылык чөйрөнүн калыптанышына чоң салым кошоорун айтышат.
Мария Хаджиева, каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги төрагасынын орун басары:
- Бул Казакстандын укуктук ролундагы айкын жаңычылдык. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой юридикалык жакты жоюунун жалпы графиги жарандык-укуктук мыйзамдардын чегинде жүргүзүлөт жана карызкорлор алдындагы бардык милдеттенмелердин негизинде чечим кабыл алынат. Бул казакстандык жана чет өлкөлүк инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүк берет, ошондой эле башкы келишимдердин алкагында каржылык инструменттерге суроо-талапты жаратат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков