Казакстандын жолдорун курууда жана оңдоодо ата мекендик
окумуштуулардын иштеп чыгуулары колдонулат. Аларга битум жана топурак үчүн
кошумчалар, минералдык порошок, маркалоо үчүн боёк жана жабууну жашартуу үчүн
композиция кирет. Аларды пайдалануудан материалдык керектөөнү үнөмдөө болжол
менен 30%ды түзөт, ал эми түтүктөрдү пайдалануу мөөнөтү азыркы 5 жылдан 7 жылга
чейин көбөйөт деп күтүлүүдө. Жаңычылдык
быйыл сыноодон өткөрүлөт.
Марат
Карабаев, Транспорт министри:
- Аны
туруктуу негизде колдонуудан мурун ар кандай аба ырайынын шарттарында кеминде
эки жыл сынап көрүшүбүз керек. Казакстандык иштеп чыгуучулардын материалдары, алардын
кээ бирлери биздин долбоорлордо колдонулуп жатат. Qarmet базасында жана ERG
базасында казылып алынган катуу калдык материалдарга келсек, биз былтыр аларды
изилдей баштадык, быйыл аларды белгилүү бир аймактарда сынап көрүүнү пландап
жатабыз.
2035-жылга чейин
Казакстанда 6 миң чакырым жол
жаңыланат
Жалпысынан
2035-жылга чейин өлкөдө 6 миң чакырымга жакын жолду жаңылоо пландалууда. Ал эми
оңдоо иштери быйыл 13 миң чакырымды камтыйт. Долбоорлорго катышкан атамекендик
компаниялар үчүн преференциялар каралган.
Марат
Карабаев, Транспорт министри:
- Чет
өлкөлүк компаниялардын консорциумунда тендерге катышкан казакстандык
компанияларга 23%га чейин шарттуу арзандатуу берилет. Бул Караганды-Жезказган, Актөбе-Улгайсын,
ошондой эле Сарыагаш шаарын айланып өтүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

